• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

КР СӨПтүн башчысы Темир Сариев өлкөдөгү бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 18.12.23. /Кабар/. Соода-өнөр жай палатасынын (СӨП) башчысы Темир Сариев бизнес жана бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү менен жолугушуп, президенттин палата жөнүндөгү жарлыгынын жоболору боюнча түшүндүрмө берди. Бул тууралуу КР СӨПтүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө Темир Сариев белгилегендей, соода-өнөр жай палатасы тарабынан эч кандай монополия жана көзөмөл жок, тескерисинче, бизнестин консолидацияланган пикирин билдирүүдө өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмдардын ролу күчөтүлүүдө.

Ал ошондой эле жарлыктын долбоору ассоциациялардын жана бизнес-коомчулуктардын макамын жогорулатууга багытталганын белгиледи.

Темир Сариев, палата мамлекеттик жана коммерциялык уюм болбогондуктан көзөмөлдөө функциясын аткарбай, бизнес маселелерин чечүүгө өбөлгө түзөрүн ачык айтты.

"Буга байланыштуу бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү жарлыктын долбоорунун бардык пункттарын түшүндүргөндөн кийин ыраазычылыктарын билдиришти жана жалпы бизнестин кызыкчылыктарын алга жылдырууда палатанын активдүү ролун белгилешти", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий