• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Аба ырайына байланыштуу «Сосновка» постунда жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди

Коом 0

Бишкек, 17.11.21. /Кабар/. Аба ырайына байланыштуу «Сосновка» стационардык постунда жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу КР Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, чектөө Төө-Ашуу ашуусундагы аба ырайы кабылына келгенге чейин уланат.

«Учурда Бишкек – Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел, Талас – Тараз – Суусамыр унаа жолундагы Өтмөк ашуусунда кар жаап жатат. Кардын калыңдыгы 10-15 см түзөт. Кызматкерлер тарабынан жолду кардан тазалоо, инерттүү материалдарды чачуу иштери жүргүзүлүүдө», - деп айтылат маалыматта.

КР Транспорт министрлиги айдоочуларды кар чынжырчаларын алып жүрүүгө, каршы тилкеге ​​чыкпоого (тыгын болгон учурда) жана тайгакка каршы инерттүү материалдарды чачып жаткан атайын техникаларга жолтоо болбоого, унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий