• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ошто балдар оорусу күч алды. Жамалдинов балдар клиникалык ооруканасынын абалын текшерди

Аймак 0

Бишкек, 17.11.21. /Кабар/. КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов жаш балдар арасында пневмония оорусу көбөйүп жатканына байланыштуу Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасына барды, деп билдирет өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы.

Ош облусунун башчысы пневмония оорусуна чалдыккан балдарды дарылоого түзүлгөн шарт менен таанышып, ооруп жаткан балдардын ата-энелери менен сүйлөштү. Зиядин Жамалдинов аталган илдетке кабылып, ооруканага кайрылган бейтаптар үчүн шарт түзүү боюнча оорукана жетекчилигине тапшырма берди. Ошондой эле бейтаптарды акысыз дарылоо керек экенин айтты.

Белгилей кетсек, Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасы 540 керебетке ылайыкташкан. Учурда ооруканада 614 бейтап, анын ичинен пневмония оорусу менен 267 бейтап дарыланууда. Акыркы учурда балдар арасында оорунун саны кескин көбөйгөндүктөн кошумча 74 керебет уюштурулган.

Пикир

Оставить комментарий