• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көлдөгү уран кенинде абал туруктуу – облустук милиция

Аймак 0

Бишкек, 22.04.19. /Кабар/. Ысык-Көл облусундагы Таш-Булак уран кенинде абал туруктуу. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине облустук милиция бөлүмүнөн кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Кызыл-Омпол айылында жана уран кенинде абал туруктуу.

“Эч кандай тирешүү жок. Баардык элди чагымчылдыкка алдырбоого чакырабыз”, - деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, Ысык-Көл облусунун Таш-Булак кенинде уран казуу иштерин баштоо пландалууда. Казылган уран Кара-Балта шаарындагы тоо-кен комбинатында иштетилет.

Коомчулук казылган уран аймактын экологиясына оор залака тийгизет деп, ага каршы чыккан. Жарандар кенди иштетүүгө каршы кол чогултуп, жакын арада кенге алып барчу жолду тосууга да даяр.

Ал эми КРнын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитети Таш-Булак уран кенин иштетитүүдө экологиялык таза ыкмалар колдонулат деп билдирген. Алар маалымдагандай, ал жерде фабрика курулбайт, анткени баардык казылган кен Кара-Балта шаарындагы комбинатка жөнөтүлөт.

Таш-Булак уран кенинде чалгындоо иштерин “ЮрАзия” ЖЧКсы жүргүзөт.

Пикир

Оставить комментарий