• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

ОшМУнун бүтүрүүчүсү Хосео университетинде окууга жолдомо утуп алды

Аймак 0

Бишкек, 14.07.22. /Кабар/. Ош мамлекеттик университетинин бүтүрүүчүсү Алмаш Закирова Түштүк Кореядагы Хосео университетинде окууга жолдомо утуп алды. Бул тууралуу университеттин басма сөз кызматы билдирди.

Эл аралык билим берүү программаларынын жогорку мектебинин бүтүрүүчүсү Алмаш Закирова Бишкекте Түштүк Кореянын Хосео университетинин колдоосу менен K-land уюму уюштурган фестивалга катышып, баш байгени жеңип алды.

Фестивалда биринчи орунду ээлеген Закирова Хосео университетине алты айлык тил үйрөнүүчү курсуна грант менен окууга 2 миң 400 доллар өлчөмүндө акчалай сыйлыкка ээ болду.

“Кореядан билимимди улантуу менин бир топ жылдан бери келе жаткан кыялым болчу. Бул кыялымды ишке ашыруу үчүн окуудан сырткары курстарда билим алып келдим. Быйыл окууну аяктап, Хосео университетине алты айлык тил үйрөнүүчү курсуна барууну ниет кылып жаткам. Бирок каржылык маселеси ойлонтуп турган. Эми минтип тилегим ишке ашып, грант менен окууга жолдомо утуп алдым. Буйруса, бул окуу курсунан кийин магистратураны да улантып, келечекте элиме кызмат кылган мыкты адис болууга сөз берем”, - дейт Закирова.

Пикир

Оставить комментарий