• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чүй облусунда жол коопсуздугу боюнча баннерлер орнотулду

Аймак 0

Бишкек, 01.01.18 /Кабар/. Жол кыймылынын коопсуздугун жайылтуу жана алдын алуу, жол кырсыктарын азайтуу үчүн Чүй облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы тарабынан Бишкек -Нарын - Торугарт жана Бишкек - Кара-Балта жолдорунда беш маалымат баннери орнотулду.

Маалыматка ылайык, бул баннерлердин максаты - айдоочуларды жана жөө жүргүнчүлөрдү жол кыймылынын эрежелери тууралуу маалымдоону жогорулатуу.

Милиция социалдык жарнама аркылуу кырсыктарды азайтуу маселесине кеңири коомчулуктун көңүлүн бурдуруп, жол кыймылынын ар бир катышуучусун терең ойлонууга түрткү берүүгө мүмкүн болот деп эсептейт.

ИИМдин акыркы маалыматтары боюнча, Кыргызстанда 2017-жылдын башынан бери 5 миң 200 жол кырсыгы катталып, аларда 800дөн ашык адам каза болуп, 7 миң 360ы жабыркаган. Жол кырсыктарына негизги себептер ылдамдыкты жогорулатуу, каршы тилкеге чыгуу жана мас абалында унаа башкаруу болуп саналат.

ИИМ башчысы Улан Исраилов жакында эле Кыргызстанда жол кырсыктарынын 83%на айдоочулар күнөөлүү экенин билдирген. Анын айтымында, жол кырсыктарынын көп бөлүгү айдоочулардын билип туруп жол эрежесин бузууларына байланыштуу.

Пикир

Оставить комментарий