• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абад шаарында 500дөй баланын катышуусунда мэрдин балатысы өттү

Аймак 0

Бишкек, 27.12.21. /Кабар/. Бүгүн, 27-декабрда Жалал-Абад шаарындагы “Барпы” атындагы театрда Жалал-Абад шаарынын мэринин жаны жылдык балаты майрамы өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чарага калаа башчысы Эрнисбек Ормоков жана Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы Нуртилек Орозбаев катышты. Мэрдин балаты майрамында мүмкүнчүлүгү чектелген, аз камсыз болгон, камкорчуларынан ажыраган жана окууда ийгилик жараткан 500дөй балага белектер тапшырылды.

Белгилей кетсек, мэрдин жаңы жылдык балаты майрамына жергиликтүү бюджеттен 465 миң сом акча каражаты бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий