Бишкек, 21.06.22. /Кабар/. Турак жай курулуш департаменти Баткен районунун Самаркандек айылына оорукана куруу боюнча тендер жарыялады.
Мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалгандай, имаратты курууга 125 млн 809 миң 721 сом сарптоо пландаштырылууда.
Конкурстук табыштамалар 5-июлга чейин кабыл алынат.
Оорукана 75 орунга ылайыкташтырылат.
Пикир
Оставить комментарий