• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Бишкекте өспүрүмдү сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды

Кырсык 0

Бишкек, 27.12.21. /Кабар/. Бишкекте милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмү өспүрүмдү сүзүп, качып кеткен айдоочуну кармады.

Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, 20-декабрда саат 07:30дар чамасында Ауэзов жана Казан-Булак көчөлөрүнүн кесилишинен айдоочу белгисиз автоунаа менен бара жатып жөө жүргүнчүнү сүзүп, андан ары качып кеткен.

Жол кырсыгынын кесепетинен 14 жаштагы С.А. аттуу өспүрүм ооруканага жеткирилген.

Аталган факты боюнча ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, кылмышка шектүү катары Toyota Prius үлгүсүндөгү автоунаанын 29 жаштагы Н.К. аттуу айдоочусу тергөө кызматына өткөрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий