• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эки жума мурда көлгө чөгүп кеткен 4 жашар кызды издөө иштери уланууда

Кырсык 0

Бишкек, 01.08.22. /Кабар/. Эки жума мурда көлгө чөгүп кеткен 4 жашар кызды издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Кечээ, 31-июлда кызды издөө иштерине жалпы 39 куткаруучу тартылып, издөө саат 21:30да токтотулду. Натыйжа болгон жок.

Бүгүн, 1-август күнү издөө улантылат.

Эскерте кетсек, 18-июлда саат 15:00 чамасында Ысык-Көл районундагы Тору-Айгыр жана Чырпыкты айылдарынын ортосунда 2018-жылы туулган Н.А. аттуу кыз көлгө чөгүп кеткен.

Пикир

Оставить комментарий