• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Балыкчыда 75 млн сомдук темир жол “Кыргыз темир жолу” ишканасынын балансына өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 30.05.22. /Кабар/. Балыкчыда 75 млн сомдук темир жол “Кыргыз темир жолу УК” ишканасынын балансына өткөрүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө Балыкчы шаарындагы «Ысык-Көлоблкурулушматериалдары» ЖАК заводунун жана "Рыбачье" станциясынын аймагында жайгашкан узундугу 3800 метрди түзгөн бириктирүүчү темир жол бар экендиги, бул жолго карата «Кадастр» мамлекеттик мекемесинде жана Балыкчы шаардык мэриясында менчик ээлери катталбагандыгы аныкталган.

Текшерүүнүн жыйынтыгында прокурордук чара көрүү актысы менен жалпы баасы 75 млн 84 миң сомду түзгөн жогоруда аталган темир жолдор мамлекеттин менчигине алынып, «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынын балансына өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий