• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Ош шаарында үч күндө 18 мас айдоочу кармалды

Аймак 0

Бишкек, 26.10.21. /Кабар/. Ош шаарында үч күндө 18 мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык милициясы боюнча Милициянын кайгуул кызматынан басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкө аймагында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында жүргүзүлүп жаткан алдын алуу, профилактикалык иш-чараларга карабастан, ар кандай оор кесепеттер менен коштолгон, айрыкча, мас абалда унаа башкарган айдоочулар тарабынан жасалган жол унаа кырсыктары катталып жатат. Буга байланыштуу Ош ШИИБ боюнча Милициянын кайгуул кызматы 22-23-24-октябрь күндөрү атайын рейд өткөргөн.

Рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө жалпысынан 1 миң 189 протокол толтурулган.

Анын ичинен:

- документи жок унаа башкаруу - 38;

- мас абалында унаа башкаруу - 18;

- автоунаанын терезесин караңгылатуу - 5. Ички иштер органдарынын мыйзамдуу талабына баш ийбеген 3 учур катталып, 84 автоунаа айып короого киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий