• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эртең Бишкектин бир катар жерлеринде таза суу өчүрүлөт

Коом 0

Бишкек, 30.05.22. /Кабар/. Эртең, 31-майда Бишкектин бир катар жерлеринде таза суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу “Бишкексууканал” башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, суу оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу саат 9:00дөн 21:00гө чейин жок болот.

Алсак, Туңгучтагы Анкара - Рухий Мурас көчөсүндө, №181 бала бакчада, №73, № 92 мектептеринде жана “44 га” конушунда суу өчүрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий