• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Тажикстанда селден бир өспүрүм каза болду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 22.04.19. /Кабар/. Тажикстандын Турсунзаде районундагы суу ташкындан 16 жаштагы өспүрүм каза болду. Бул тууралуу centralasian кызматы жазды.

Маалыматка караганда, 21-апрель эртең менен нөшөрлөгөн жаанга карабастан жайытка кеткен Азизбек Куловдун сөөгүн жергиликтүү тургундар табышкан.

Аталган райондун жашоочуларынын бири басылмага аймактагы суу ташкыны тартылган видеону жөнөткөн.

Буга чейин синоптиктер дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүп, сел жүрүшү мүмкүндүгүн эскерткен.

Тажикстанда нөшөрлөгөн жаан менен суу ташкындары апрелдин башынан бери уланууда. Өлкөнүн Ванж, Дарваз, Темурмалик, Муминабад, Восей, Матчин райондору, ошондой эле Куляб жана Пенжикент шаарларынан тышкары Душанбени дагы суу каптап, унаа тыгындарын жараткан.

Пикир

Оставить комментарий