• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Казакстандын Башкы прокуратурасы: Январь окуяларында 230 жаран өлүп, 20 кишиге кокустан ок тийген

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 15.03.22. /Кабар/. Казакстанда Январь окуялары маалында 230 киши каза болгон, алардын арасында 19 күч түзүм кызматкери бар. Бул тууралуу өлкөнүн башкы прокурору Берик Асылов парламенттин 14-марттагы жыйынында билдирди.

Анын айтымында, баарынан Алматы шаарында өлгөндөр көп катталган — көз жумган 139 кишинин 86сы мамлекеттик органдардын имараттарына кол салгандар болгон.

"Мындан тышкары өлкөнүн дагы жети аймагында акимчиликтердин, полициянын жана Улуттук коопсуздук кызматынын имараттарына кол салган 63 адам өлтүрүлгөн. Бүгүнкү күнгө карата кокустан ок тийген 20 киши өлгөнү белгилүү. Мындай учурлардын 11и Алматыда, сегизи Алматы облусунда жана бирөө Таразда катталган. Булардын арасында кокустан окко учкандар, талоончулардын колунан өлгөндөр жана блокпосттордогу аскерлердин талаптарына баш ийбегендер бар", — деди башкы прокурор.

Ал каза болгондордун тизмесинин жарыяланбай жатышын алардын кимиси жайкын тургун, кимиси имараттарга кол салгандар болгону аныкталып бүтө электиги менен түшүндүрдү.

15-январда Казакстандын Башкы прокуратурасы Январь окуяларында 225 кишинин сөөгү өлүкканаларга жеткирилгенин билдирген. Үч күндөн кийин Саламаттык сактоо министрлиги дагы эки киши реанимацияда көз жумганын кабарлаган.

Берик Асыловдун айтымында, Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети (УКК) учурда "Мамлекетке чыккынчылык кылуу", "Бийликти басып алууга аракет кылуу" жана "Өзгөчө ири өлчөмдө пара алуу" беренелери боюнча 15 кылмыш иши боюнча тергөө жүргүзүүдө. Бул иштердин алкагында УККнын мурдагы төрагасы Карим Масимов жана анын үч орун басары камакка алынган. Мындан тышкары бул мекеменин кызмат абалынан кыянат пайдаланууга шектелген эки жетекчиси кылмыш жоопкерчилигине тартылган. "Бул кылмыш иштери "жашыруун" грифи менен тергелип жатат. Ошондуктан мекеме тергөөнүн жыйынтыктары боюнча кеңири маалымат бере албайт. Алардын аракетинен улам "Казакстандын аймактык бүтүндүгүнүн бузулуу тобокелдиги жаралган"", — деди Асылов.

Казакстанда быйыл январдын башында суюлтулган газды арзандатуу талабы менен башталган нааразылык акциялары бардык шаарларда жалпы улуттук демонстрацияларга айланган. Кийин тынч митингдер башаламандыкка айланып, кан төгүлгөн. Өлкө жетекчилиги муну бийликти басып алуу үчүн жасалып, чет өлкөдө даярдалган айрым "террордук топтордун чабуулу" деп жарыялаган.

Пикир

Оставить комментарий