• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Тажикстан Ооганстандын түндүгүндөгү экстремисттик топтордон тынчсызданууда

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 11.12.17 /Кабар/. Тажикстандын тышкы иштер министри Венада өткөн ЕККУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин жыйынында Ооганстандын түндүгүндө террордук топтор жанданып жатканына тынчсыздануусун билдирди.

Бул тууралуу Fars агенттиги кабарлады.
Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Аслов 7-декабрь күнү кечинде Вена шаарында сүйлөгөн сөзүндө “Ооганстандын түндүгүндө Тажикстандын түштүк чек арасына жакын аймактарда экстремисттик жана террордук топтордун жанданып жатышы Дүйшөмбүнү тынчсыздандырууда”, - деп билдирди.

Ал Ооганстандагы экстремисттердин массалык башаламандыктары жана өлкөнүн түндүгүндө согушкерлердин чогулушу Тажикстандын туруктуулугу менен коопсуздугуна гана эмес, Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун түштүк чек арасына дагы чоң коркунуч туудурарын баса белгиледи.
Сирожиддин Аслов Ооганстан дагы келечекте региондук соода-экономикалык кызматташтыктарга кошуларына үмүт артарын айтып, “Тажикстан дайыма Ооганстанда тынчтык, ынтымак, ырааттуулук жана коопсуздук орношун каалап келген”, - деди.

Булагы: CA-IR NEWS

Пикир

Оставить комментарий