• 88.68
  • 95
  • 0.95

Душанбеде студенттердин үй-бүлөсүндө төрт эм төрөлдү

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 29.05.18. /Кабар/. Хумоюн, Хумайра, Хуррия жана Хуснизар – студенттик үй-бүлө төрт эмин ушундай атады. Үч кыз, бир уул эки жума мурун Душанбедеги төрөтканалардын биринде жарык дүйнөгө келген.

Ымыркайлардын апасы – Тажик медициналык университетинин студенти, 22 жаштагы Зарина Неъматова. Наристелер 1,5тен 2 килограммга чейинки салмакта төрөлүштү. Дарыгерлер алардын абалын жакшы деп баалоодо.

Студенттин төрт эм төрөрү үч ай боюнда бар кезинде эле белгилүү болгон. “Жети ай болгонго чейин сабакка катышып жүрдүм. Андан кийин оор болуп калды”,- деди Зарина.

Зарина Неъматова опперация жолу аркылуу төрөдү. Азыркыга чейин дарыгерлердин көзөмөлүндө. Анын айтымында, улуу кызы жана баласы өтө кыймылдуу, кийинки эки кызы болсо жоош. Заринанын күйөөсү Фаррух Субхонкулов дагы Тажик медициналык университетинин студенти. Жаштар 2017-жылы баш кошушкан.

Жаш үй-бүлө бийлик аларга жардам берсе деп үмүттөнүшүүдө. “Экөөбүз тең студентпиз, шаарда батирди ижарага алып турабыз. Эгер үй жагынан каралашса, жакшы болмок. Балдарды кароо боюнча тажрыйбабыз жок, андыктан аларды багууга жардам керек”, - деди Фаррух.

​Жума башында Тажикстанда 9 миллионунчу наристе жарык дүйнөгө келген.

Пикир

Оставить комментарий