• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Тажикстан менен Өзбекстан апрелде автобус каттамдарын калыбына келтирет

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 22.03.18 /Кабар/. Тажикстан менен Өзбекстан ортосундагы автобус байланышы кийинки айда калыбына келет. Бул тууралуу "Asian Express Terminal" транспорт компаниясынын башчысы Султон Камолов билдирди.

Анын айтымында, автобустар Душанбеден Денау жана Термезге, Пенжикенттен Самаркандга, Худжанддан Ташкент жана Ферганага каттайт. Бирок тажик жана өзбек транспорт адистери тарифтер боюнча макулдаша элек.

«Биз жол жүрүү наркын макулдашуубуз керек, жүргүнчүлөрдү өзбек компаниялары ташыйт. Жакында биз Ташкентке барабыз жана тариф маселелерин толугу менен чечип келебиз деп үмүттөнүп турам», - деди Султон Камолов.

Ал мындан тышкары "Asian Express Terminal" компаниясы “Узавтосаноаттан” 200 автобус сатып алуу боюнча келишим түзгөнүн билдирди.

Тажикстан Чек ара башкы башкармалыгы чек арадан өтүүдө жүргүнчүлөр үчүн маселе жаралбай турганын белгиледи. Көзөмөл өткөрүү бекеттерине келгенде жүргүнчүлөр салондон түшүп, текшерүүдөн өткөндөн кийин жолун улантышат.

Өзбекстан менен Тажикстан ортосундагы автобус жана авиакаттамдар 1992-жылы токтотулган. Былтыр апрелден тарта Душанбе менен Ташкент чейрек кылымдык тыныгуудан кийин аба каттамдарын ачышкан.

Пикир

Оставить комментарий