• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Дүйшөмбү шаарында Жами менен Навоинин эстелиги орнотулат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 07.03.18 /Кабар/. Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Дүйшөмбү шаарына перс-тажик акыны Абдурахман Жами жана өзбек акыны Алишер Навоинин эстелигин тургузуу буйругуна кол койду.

Бул тууралуу Fars агенттигинин Дүйшөмбүдөгү өкүлчүлүгү кабарлады. Дүйшөмбүнүн мэри Рустам Эмомали эстеликтер тургузулчу “50-солагии джавонон” паркына Алишер Навоинин атын ыйгарууну депутаттарга сунуштайт. Самаркандда 2009-жылы калыбына келтирилген Навои жана Жаминин эстелиги ушул жылы февраль айында кайра Самаркандда тургузулду. Жами жана Алишер Навоинин эстелигин өзбек айкелчи 1970-жылы кызыл граниттен жасаган эле.
Алишер Навои (1441–1501) – орто кылымдардагы өзбек акыны, ойчулу, мамлекеттик ишмери. Чыгармаларын түрк жана фарси тилдеринде жазган.Түндүк Ооганстандын аймагындагы Герат шаарында жашаган. Анын «Сопулардын дүрбөлөңү», «Лайли менен Мажнун», «Фархад менен Ширин», «Жети саякатчы» (б. а. «Планета»), «Искендер тосмосу» сыяктуу поэмаларынан турган «Хамса» («Бешилтик») чыгармасы бар.
Абдурахман Нуриддин ибн Ахмад Жами - перс жана тажик акыны, философ. Гераттагы Дилкаш медресесин бүтүргөн. Самарканддагы Улукбектин медресесинде окуп жүргөндө илимпоздор менен аралашып, бат эле таанылган. Гератка кайра барып, ак сарайдагы кызматтан баш тартып, суфизм жолуна түшкөн. Ислам динин бекем тутууга, адилет жүрүүгө үндөгөн. Чыгармаларында элдин азаптуу турмушуна жаны кейип, бийлик өкүлдөрүнүн зомбулугун ашкерелеген. Чыгармалары көп тилдерге которулган.

Булагы: carnews.com

Пикир

Оставить комментарий