• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сүлүктү шаардык милициясында окуучулар үчүн "Ачык эшик" күнү уюштурулду

Аймак 0

Бишкек, 18.12.23. /Кабар/. Сүлүктү шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысынын демилгеси менен шаар аймагында мектеп окуучуларынын мекенчилдик сезимин көтөрүү максатында "Ачык эшик" күнү иш-чарасы уюштурулду.

Маалыматка ылайык, "Ачык эшик" күнү Сүлүктү ШИИБнин имаратында өткөрүлүп, ага шаар аймагындагы мектеп окуучулары катышты.

Милиция кызматкерлери окуучуларга милиция кызматкерлеринин бир күндүк кызматын, ок атуучу куралдар менен колдонуу тартибин, коомдо болуп жаткан кылмыштуулук боюнча маалымат берип, мыйзамда көрсөтүлгөн жоопкерчиликтер менен тааныштырды.

Мектеп окуучуларына кесип тандоодо адашпоо, мекенге болгон сүйүүсүн күчөтүү боюнча окуучулар менен милиция кызматкерлери маектешүүлөрдү өткөрүп, кылмыштуулуктун алдын алуу, укук бузууларга жол бербөө багытында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий