• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматы жер-жердеги ИИБ менен онлайн кеңешме өткөрдү

Коом 0

Бишкек, 27.03.24. /Акназик Тургунбаева — Кабар/. Күн мурун ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматы жер-жердеги ички иштер бөлүмдөрү (ИИБ) менен онлайн кеңешме өткөрдү, деп билдирет ИИМдин басма сөз кызматы.

Кеңешме ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын башчынын орун басары Нурлан Исмаиловдун жетекчилиги астында өттү.

Онлайн кеңешмеде Ички иштер министрлиги жашы жете электер менен иштөө, өспүрүмдөргө күнүмдүк интернет булактарында жайылткан жана коркунуч жараткан сайттар боюнча түшүндүрмө берилди.

Кеңешменин жыйынтыгында эл менен түздөн-түз иш алып барган милициянын көчмө кабылдамалары, авто жана жөө кайгуулдар, нөөмөт бөлүктөрү, ыкчам-тергөө топтору, аймактык жана жаш өспүрүмдөр менен иштеген тескөөчүлөр, күзөт кызматтары тарабынан жарандардын сакчылыгында, элди сервистик тейлөө ишмердиги жогорку тартипте алып баруу тапшырмалар берилди.

Пикир

Оставить комментарий