• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өлкөгө телефон аксессуарларын жана компьютер тетиктерин мыйзамсыз алып кирүү аракети көрүлгөн

Укук тартиби 0

Бишкек. 27.03.24. /Кабар/. Кыргызстанга телефон аксессуарларын жана компьютер тетиктерин мыйзамсыз алып кирүү аракети көрүлгөн. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бажычылар тарабынан бажы мыйзамдарын бузууларды аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган иш-чаралардын жүрүшүндө «Ю.Т.» ЖЧКсынын дарегине транспорт коштоочу документтерге ылайык «айыл чарба техникасынын тетиктери, айнек ашкана идиштер жана башка эмеректер келгени аныкталган.

Бирок, текшерүүнүн жүрүшүндө декларацияланбаган телефон аксессуарлары жана компьютерлердин тетиктери аныкталган.

Мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 2 млн 797 миң 768 сомду түздү.

Факт КБР МКЖ АДСке катталып, чогултулган материалдар Ош облусунун прокуратурасына өткөрүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий