• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нарында сөөгү табылган адамдын өлүмүнө аялы шектелүүдө

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.12.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Нарын облусунун Жумгал районунда 34 жаштагы адамдын сөөгү өз үйүндө табылган. Кылмышка анын аялы шектелүүдө.

Нарын ОИИБнин басма сөз кызматынын берген маалыматына ылайык, адам өлтүрүү тууралуу маалымат 2017-жылдын 8-декабрында эртең менен түшкөн. Иликтөө ишинин жүрүшүндө маалым болгондой, 7-декабрда маркум менен аялынын ортосунда чыр чыгып, аялы күйөөсүн бычак менен сайган. Алган жаракаттарынан улам ал окуя болгон жерде каза болгон.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголду. Тийиштүү экспертиза дайындалды. Кылмышка шектүү катары М.А., аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген. Иликтөө уланууда.

Пикир

Оставить комментарий