• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте жол эрежесин бузган Toyota ist унаасынын номери жасалма болуп чыккан

Укук тартиби 0

Бишкек, 09.03.21. /Кабар/. Бишкекте жол эрежесин бузган Toyota ist унаасынын номери жасалма болуп чыккан. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 6-мартта Бишкек ШИИББсы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жатып, болжол менен саат 23:30 чамасында Ахунбаев жана Беларуская көчөлөрүнүн кесилишинде жол эрежесин бузган Toyota ist үлгүсүндөгү автоунааны токтотушкан.

Кызматкерлер автоунаанын керектүү документтерин текшерүү учурунда 1967-жылы туулган Д.Н. аттуу айдоочу өзүнүн унаасынын мамлекеттик номерин жасалма номерге алмаштырып, айдап жүргөндүгү аныкталган.

Бул факты боюнча автоунаа убактылуу айып короо жайына токтотулуп, ал эми айдоочусу Октябрь райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүп берилген

Пикир

Оставить комментарий