• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Түркмөнстанда азык-түлүк кымбаттады

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 13.12.17 /Кабар/. Бейтараптык күнү жана Жаңы жыл майрамын утурлай Түркмөнстанда негизги тамак-аш азыктары кымбаттады. Мамлекет башчы болсо азык-түлүктөрдү мол камсыз кылууну тапшырган.

“Азаттыктын” түркмөн кызматы кабарлагандай, акыркы он күндөн бери өлкөнүн бардык аймактарында ундун жана нандын наркы жогорулады.

“Дашөгүздөгү эң арзан 450-500 грамм нан 1 манат (0,3 АКШ доллары) турса, азыр 1 манат 40 теңгеден сатылууда. Балкан облусунда ушундай эле нандын наркы 1 манат 50 теңге болду", - деди түркмөнстандык баяндамачы Аманмырат Бугаев.

Өлкөнүн айрым аймактарында биринчи сорттогу унду табуу дээрлик мүмкүн эмес. Жогорку сорттогу 50 килограмм унду 70 манатка сатып алса болот.

Учурда чет өлкөдө өндүрүлгөн тоок этинин килограммы мамлекеттик дүкөндөрдө 8 манат (2,3 АКШ доллары) турат. Бирок аны бир кишиге бир килодон ашык сатышпайт. Жеке дүкөндөрдө тоок этин 10 манатка алса болот.

Жашылча, мөмө-жемиш жана таттуулардын баасы эки эсеге кымбаттады.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий