• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

УКМК: Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун “шпана” деп аталган мүчөсү кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 15.11.23. /Кабар/. Камчы Асанбектин (Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобунун “шпана” деп аталган мүчөсү кармалды, деп билдирет Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун айрым мүчөлөрү тарабынан 200 миң сом опузалап алуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин материалдарынын алкагында, 2023-жылдын 9-ноябрында ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, жыйынтыгында К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү, мурда соттолгон, 1994-жылы туулган КР А.у.Д. аттуу жараны кармалып, КР УКМК тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө ушул жылдын 7-ноябрында А.у.Д. учурда КР Юстиция министрлигине караштуу ЖАКнын 8-Түзөтүү мекемесинде жаза мөөнөтүн өтөп жаткан, топтун мүчөсү (т.н. члена общака и «смотрящего за шпаной») деп аталган, 1999-жылы туулган Э.М.дин буйрутмасы боюнча А.Э.А. аттуу жаранга чалып жолугушууну талап кылган.

Жолугушуудан кийин А.у.Д. уюшкан кылмыштуу топтун башка мүчөлөрү менен биргеликте күч колдонуу менен А.Э.А.ны белгисиз тарапка унаага салып кетишип, ал жерден жогоруда аталган адамдар анын денесине көптөгөн жаракаттарды келтиришкен. Андан соң ар кандай коркутуулар жана физикалык күч колдонуу, ошондой эле тамагына бычак такап А.Э.А.дан 8-Түзөтүү мекемесиндеги уюшкан топтун кассасын (общаковской кассы) толтуруу үчүн 200 миң сом өлчөмүндө акча каражат опузалашкан. Ошол эле учурда А.Э.А.ны Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарын менен байланышса ага карата физикалык күч колдонобуз деп коркутушкан. Андан соң жогорудагы адамдар аны Эркиндик бульварынын тегерегине жеткизип, жогорудагы талапты аткаруу үчүн мөөнөтүн белгилешкен.

Учурда КР УКМК тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, ошондой эле кармалган адамдын ушул сыяктуу башка мыйзамсыз фактыларга тиешеси бар экендиги аныкталууда.

Ошондой эле, КР УКМК жарандарды уюшкан кылмыштуу элементтер тарабынан мыйзам бузуунун бардык мүмкүн болгон фактылары боюнча байланышууга жана билдирүүгө чакырат.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий