• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

"Манас" аэропортуна бара жаткан жолдо 44 жаштагы жаран баңгизат менен кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 26.10.23. /Кабар/. Манас аэропорту – Бишкек жолунда баңгизат алып бара жаткан жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 5-октябрында УКМК тарабынан Чүй облусунун Сокулук районундагы Комсомольское айылынын жанындагы Манас аэропорту – Бишкек унаа жолунда КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси ("Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын окшошторун сатуу максатын көздөбөстөн мыйзамсыз даярдоо") боюнча Токмок шаарынын тургуну 1979-жылы туулган Ю.У.Э. кармалды, унаасынан жалпы салмагы 415 граммды түзгөн “Альфа-PVP” аталышындагы синтетикалык баңгизаты, ошондой эле жалпы салмагы 114 граммды түзгөн "мефедрон" баңгизаты табылып, алынган.

Кармалган Ю.У.Э. УКМК тергөө камак жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий