• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кызыл-Кыяда пикир келишпестиктен улам ок атылып, бир адам каза болду

Коом 0

Бишкек, 26.10.23. /Кабар/. Кызыл-Кыяда пикир келишпестиктен улам ок атылып, бир адам каза болду. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 25-октябрь саат 02:15тер чамасында Кызыл-Кыя шаардык милициясына спирт ичимдиктерин саткан дүкөндө ызы-чуу чыгып, белгисиз жаран ок атуучу курал менен экинчи жаранды атып салгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.

Маалымат Кызыл-Кыя ШИИБге катталып, окуя болгон жерге шаардык милициянын башчысы ыкчам-тергөө тобу менен барганда төмөнкүлөр аныкталган.

Аталган дүкөндө Кызыл-Кыя шаарынын 32 жаштагы Л.Ш. аттуу тургуну менен Караван айылынын 27 жаштагы И.У. аттуу тургунунун ортосунда өз ара пикир келишпестик болуп, натыйжада И.У. жанындагы белгисиз үлгүдөгү ок атуучу куралы менен Л.Ш.ны атып, окуя болгон жерден из жашырып кеткен. Ал эми жабырлануучу Кызыл-Кыя шаарынын жалпы дарыгердик практикалык борборунун жандандыруу бөлүмүнө жеткирилип, алган жараатынан улам каза болгон.

Бул маалымат Кызыл-Кыя ШИИБдин КР Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси ("Адам өлтүрүү") менен кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү 27 жаштагы И.У.нун жүргөн жерин аныктоо үчүн ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

Тергөө иштеринин маалыматына ылайык, каза болгон жана издөөгө алынган эки жаран тең мурда бир нече жолу сот жообуна тартылган.

Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий