• 88.68
  • 95
  • 0.95

Элчи Жумабаев Dubai Charity Association кайрымдуулук бирикмесинин башкы катчысы менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 28.04.21. /Кабар/. Кечээ, 27-апрелде Кыргызстандын Бириккен Араб Эмираттарындагы элчиси Абдилатиф Жумабаев Dubai Charity Association кайрымдуулук бирикмесинин башкы катчысы Ахмед Мохамед Месмар менен жолугушту. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Dubai Charity Association ортосундагы социалдык чөйрөдөгү кызматташуу маселелери талкууланды, атап айтканда, кыргыз тарабы билим берүү жана саламаттык сактоо, Кыргыз Республикасынын региондорунда таза суу жеткирүү жаатындагы кызматташууга карап чыгып жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин сунуштады.

Тараптар эки тарапты кызыктырган кызматташтык маселелери боюнча тыгыз байланышты улантууга макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий