• 87.3
  • 94.96
  • 0.98

Казакстандан Кыргызстанга жүк ташуучу унааларды мыйзамсыз ташуу схемасы аныкталды

Укук тартиби 0


Бишкек, 13.05.24. /Кабар/. Казакстандан Кыргызстанга жүк ташуучу унааларды мыйзамсыз ташуу схемасы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК жана Бажы кызматынын кызматкерлери биргеликте Бурабай протоколунун ченемдерине ылайык Казакстанда бажылык тариздөөдөн өткөн жүк ташуучу унаалар Кыргызстандын Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо агенттигинде мыйзамсыз баштапкы каттоодон өткөгндүгүн аныкташкан.

Тактап айтканда, Казакстан үчүнчү өлкөлөрдөн 7 жыл мурда өндүрүлгөн жүк ташуучу унааларды импорттоодо ДСУнун бажы алымдарынан нарктын 10% өлчөмүндө төмөндөтүлгөн бааны колдонот, ал эми ЕАЭБдин Бирдиктүү бажы тарифине ылайык, импорттук бажы алымынын суммасы 1 куб см үчүн 1 еврону түзөт.

Мындай жагдайдан пайдаланып, жеке адамдар Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо агенттигинин кызмат адамдары менен алдын ала сүйлөшүп алып, биримдиктин товары болбогон жүк ташуучу унааларды каттоо жана алгачкы каттоого алуу боюнча аталган агенттикте мыйзамсыз коррупциялык схеманы уюштурушкан.

Учурда УКМК жана Мамлекеттик бажы кызматынын Контрабандага каршы башкы башкармалыгы тарабынан 3 миңден ашык мындай өндүрүлгөнүнө 7 жылдан ашкан жүк ташуучу унаалар катталгандыгы аныкталды.

Бир жүк ташуучу унаадан бажы төлөмдөрүн кем төлөөдөгү айырма 1 млн сомдон 1,5 млн сомду түзөт.

УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында бул коррупциялык схемага тиешеси бар 5 адам кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул сыяктуу фактыларды жана Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо агенттигиндеги башка кызмат адамдарды аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий