• 88.68
  • 95
  • 0.95

Опузалап акча талап кылган К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 07.07.23. /Кабар/. Бир нече жолу соттолгон, ИИМдин каттоосунда К.Асанбектин кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү катары турган Н.С.Т. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Н.С.Т. 2021-жылдын сентябрь айында физикалык кысым көрсөтүү жана ден соолугуна зыян келтирем деп коркутуу жолу менен КР жаранынан “Мерседес S500” үлгүсүндөгү унаасын жана 17 миң АКШ долларын күч колдонуп тартып алган.

Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Н.С.Т. КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда УКМК тарабынан кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий