• 88.68
  • 95
  • 0.95

Күзөт кызматынын Ведомстволук милиция полкунун аткарган ишмердиги боюнча кеңешме өттү

Коом 0

Бишкек, 07.07.23. /Кабар/. ИИМдин Күзөт кызматынын Ведомстволук милиция полкунун аткарган ишмердиги боюнча ыкчам кеңешме болуп өттү, деп билдирет Күзөт кызматынын басма сөз кызматы.

Ыкчам кеңешмеге Күзөт кызматынын начальниги Каныбек Абдырахманов, Күзөт кызматынын начальнигинин орун басары Ралис Касанов, Ведомстволук милиция полкунун командири Талант Раимбеков, орун басарлары жана батальондун жетекчилик курамы катышты.

Ыкчам кеңешмеде Ведомстволук милиция полкунун 2023-жылдын 6 айынын аткарган уюуштуруу-башкаруу, кызмат, кадр жана каржы-чарба ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы, анын ичинде “Санарип күзөт” программасын ишке ашыруу тапшырмасынын аткарылышы каралды.

Ыкчам кеңешмеде Каныбек Абдырахманов өздүк курамдын кызматтык тартипти сактоосуна басым жасап, кесиптик жөндөмдөрүн үзгүлтүксүз жакшыртууну талап кылды.

Ошондой эле, стратегиялык объектилерди, жарандардын мүлктөрүн ишенимдүү кайтаруу, кайтарууга турган мекеме-чарбалардын санын көбөйтүү боюнча тапшырмаларын койду.

Пикир

Оставить комментарий