• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте бир жумада 4,5 миңден ашуун жол эрежелерин бузуу фактысы катталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.10.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын аймагында 24нөн 29-сентябрга чейинки аралыкта 4 миң 556 жол эрежелерин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

- мас абалында автоунаа башкаруу - 61;

- автоунаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо - 15;

- айдоочулук кубөлүгү жок автоунаа башкаруу - 70;

- жасалма номер -1;

- жөө жүргүнчүлөр жана велосипед айдаган жарандар катышкан жол эрежесин бузуулар - 86;

- авто ээнбаштык - 2;

- башка жол эрежелерин бузуулар - 4 321. Ар кандай эреже бузган 430 автоунаа убактылуу айып короо жайына токтотулду.

Пикир

Оставить комментарий