• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Пара алып жаткан жеринен эки сот аткаруучу кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 07.03.19. /Кабар/. Пара алып жаткан жеринен Чүй облусунун Москва районунун Соттук аткаруучулар кызматы бөлүмүнүн эки сот аткаруучусу кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Финансы полициясына бир жаран кайрылып, эки сот аткаруучулары 50 миң сом пара талап кылып жатканын айткан.

Бул факт Кылмыш кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүгү ("Пара талап кылуу") менен Кылмыштардын бирдиктүү реестринде катталган.

4-март күнү Соттук аткаруучулар кызматы бөлүмү орун алган Беловодское айылынан 50 миң сомду алып жаткан жеринен эки сот аткаруучу кармалган.

Пикир

Оставить комментарий