• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Темир түтүк менен күйөөсүн башка чаап өлтүргөн келиндин баш коргоо чарасы тандалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.11.19. /Кабар/. Ош шаардык соту күйөөсүн темир түтүк менен башка чаап өлтүргөн 28 жаштагы П.Г., аттуу келиндин баш коргоо чарасын карады.

Шаардык Ички иштер кызматынан билдиришкендей, шардык сот шектүү келинди 1 айга камакка алды.

Эскертек кетсек, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын оперативдүү кызматкерлери тарабынан күйөөсүнүн өлүмүнө шектүү делген 28 жаштагы келин кармалган. Шектүү Алай районунда каза болгон күйөөсүн жоктоп боз үйдө ыйлап отурган жеринен колго түшкөн.

Тергөөнүн жүрүшүндө каза болгон адам 46 жаштагы Умутбек Ысаков болгону аныкталган. 19-ноябрда болжол менен саат 23:30да маркум Оштогу көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги батирине кирип, бут кийимин чечип жаткан учурда аялы темир түтүк менен башына үч жолу чапкан. Натыйжада эркек киши Ош шаардык ооруканасында өзүнө келбей каза болгон. Аялы менен кошунасы тез жардам кызматын чакырышкан. Келин кылмыштын изин жашыруу максатында күйөөсү сырттан жараат алып келгендигин билдирген.

Маркум Ош шаарында маршруттук такси айдап иштечү. Төрт баланын атасы.

"Далил катары узундугу 97 см, диаметри 12 мм болгон арматура алынган", - деп кошумчалашты милициядан.

Пикир

Оставить комментарий