• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Бишкекте 3 студент синтетикалык баңгизаттарды таратууга шектелип кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.11.23. /Кабар/. Бишкекте 17 жаштагы эки бала жана 18 жаштагы кыз психотроптук заттарды мыйзамсыз сатууга шектелүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, баңгизат ташыган делген курьерлер "Телеграмм" каналы аркылуу куратор делген адамдан заказ алышканы аныкталган. Алардын иши Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында "кыстармаларды" жүргүзүүдөн турган.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүу кызматынын ыкчам кызматкерлери алардын мурунку кыстармаларынын жайгашкан жерлерин аныкташып, 20дан ашык кыстармалар табылган. Кыстармалар термо-кичирейтилген, анын ичинде α-пирролидиновалерофенонго окшош өзгөчө жыты бар ак порошок түрүндөгү зат болгон.

Алынган баңг затынын жалпы салмагы 24 граммды түзгөн.

Бул фактылар боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту ("Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо") жана 180-беренеси ("Баланы кылмыш жасоого тартуу") кылмыш иштери козголгон.

Кармалган 17 жаштагы жаран Юстиция министрлигинин алдындагы ЖАКтын Вознесеновка айылындагы №14 тергөө абагына, ал эми, ал эми 18 жаштагы кыз Бишкектеги № 1 тергөө абагына киргизилди.

Учурда "Tелеграмм" уюлдук мессенджери аркылуу жаштарды ишке тартып, "кыстарма" жүргүзүү катары иш менен камсыз кылып жаткан адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий