• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ИИМ: Өзгөчө абал киргизилгенден тартып кылмыштуулуктун саны кескин кыскарды

Укук тартиби 0

Бишкек, 07.04.20. /Кабар/. Өзгөчө абал киргизилгенден тартып өлкө боюнча кылмыштуулуктун саны кескин кыскарды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

ИИМден билдиришкендей, Бишкек шаарында, Ош шаары менен Ош облусунда, Жалал-Абад шаары менен Жалал-Абад облусунун аймагында киргизилген өзгөчө абал учурунда өзгөчө оор жана оор кылмыштар кескин азайды.

"Өлкө боюнча милиция кызматы күнү-түнү күчөтүлгөн режимде кызмат өтөп жаткандыгына байланыштуу алдын алуу профилактикалык иш-чаралар үзгүлтүксүз жүрүп жатат. Андан тышкары, санитардык-карантиндик эпидемиологиялык посттор, блокпосттордо орнотулуп, күч органдарынын кызматкерлери, ошондой эле коомчулук да милиция күчтөрү менен бирдикте иштеп жаткандыгына байланыштуу кылмыштуулуктун саны азайды", - деп билдиришти ИИМден.

Билдирүүгө ылайык, ошол эле убакта айрым бир кылмыштар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү каттоо реестрине катталып тергөө, иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

"Адам өлтүрүү боюнча 3 факты катталган. Алар Нарын шаарында “Лимонти” каймана аты менен белгилүү кримтөбөл лидерлеринин биринин өлтүрүлүшү (өч алуу), Аламүдүн жана Ноокен районунун аймагында келип чыккан чыр-чатактын кесепетинен 2 адам өлтүрүү фактысы катталган. Жогорудагы үч факты боюнча шектүүлөр кармалып, сотко чейинки өндүрүш жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Андан тышкары, 2020-жылдын 22-мартынан 5-мартына чейин 1351 кылмыш катталып (2019-жылы - 2194), былтыркы жылга салыштырмалуу 38,4% азайган. Ошондой эле 1480 жоруктар катталып (2019-жылы - 2269), 34,7% азайган.

Пикир

Оставить комментарий