• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мамлекеттик ипотекалык компанияга 2024-жылы 1 млрд сом берилет

Өкмөт 0

Бишкек, 23.11.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында жарандарды үй менен камсыз кылуу тармагындагы иштерге токтолду.

Өз сөзүндө Акылбек Жапаров, республиканын бардык аймактары боюнча үйлөр курулаарын, үчүн 2024-жылы Мамлекеттик ипотекалык компанияга – 1 млрд сом берилээрин билдирди.

“Мамлекеттик ипотекалык компаниянын уставдык капиталы 2020-жылы 480 млн сом гана болчу. Бүгүнкү күндө МИКтин уставдык капиталы 13,5 млрд сомго жеткирилди. МИК боюнча мамлекеттик саясатты өзгөрттүк: наркы арзан жана элге жеткиликтүү рыноктук шарттарда өзүбүз үйлөрдү курабыз. Бишкекте 6 миңден ашуун квартира курулуп жатат. Бүт аймактар боюнча үйлөр курулат”, - деди Акылбек Жапаров.

Аны менен катар мамлекеттик мүлктү башкаруудагы иштерге токтолуп, мамлекеттик мүлк мамлекетке пайда бериши керектигин билдирди.

“Мамлекеттик ишканалар боюнча инвентаризациянын жыйынтыгы алардын басымдуу бөлүгү “убыткалуу” экендигин көрсөткөн. Ошол үчүн саясат аларды кирешелүү тармакка айландыруу үчүн ирилештирүү, кереги жокторун жоюушубуз керек болду. Мамлекеттик мүлктү башкаруудагы биздин иштин алгачкы үзүрү болуп, анын 2023-жылдын 9 айында 17,2 млрд сом киреше бергендигинде, же 2020-жылга салыштырмалуу 15 эсе көп болду”, – деди ал.

Пикир

Оставить комментарий