• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Зилалиев: Калк арасында көмүрдүн баасын атайылап көтөрүү болбошу керек

Өкмөт 0

Бишкек, 04.10.17 /Кабар/. Аймактарда көмүр базалары өздөрүнүн так милдеттерин аткарып, калкты жеткиликтүү баада көмүр менен камсыз кылышы керек. Калк арасында көмүрдүн баасын атайылап көтөрүү болбошу керек. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Дүйшөнбек Зилалиев бүгүн, 4-октябрда, Талас облусуна болгон жумуш сапарында билдирди.

Өкмөттүн аппаратынан билдиришкендей, вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев Талас облусунда 2017-2018-жылдарга күз-кыш мезгилине карата калктын даярдыгы боюнча облустук штабдын жыйынын өткөрдү.

«Аймакта күз-кыш мезгилинин өткөрүү боюнча 55701,6 тонна көмүр жана 1500 тонна мазут керектелет. Азыркы тапта көрсөтүлгөн көлөмдүн ичинен 29546,6 тонна көмүр бар, бул 53% түзөт. Ал эми 806,3 тонна мазут 53,8 % ашат. Учурда жергиликтүү бийлик ордандары көмүр, мазут көрсөтүлгөн мөөнөттө жетиштүү көлөмдө болушуна өзгөчө көңүл бурушу керек. Көмүр, отун алып келүү боюнча келишимдерге кол коюлганын эске алуу менен иш үзгүлтүккө учурабоого тийиш. Аны менен бирге бардык көмүр базаларында иш өз нугунда жүрүп жаткандыгын көзөмөлдөп туруу зарыл», – деди Дүйшөнбек Зилалиев.

Андан соң вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев аймактагы бир катар билим берүү жана муниципалдык ишканаларга барып, алардын кышка карата от казандарынын жана башка даярдык иштерин көрүп чыкты.

Пикир

Оставить комментарий