• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Москвада кыргызстандык кыз жаңы төрөлгөн ымыркайын 1 млн. рублга саткан

Укук тартиби 0

Бишкек, 06.03.19. /Кабар/. Москвада жаңы төрөлгөн кызын 1 млн. рублга саткан 23 жаштагы кыргыз кыз кармалды. Бул тууралуу Россиялык ММКлар “Альтернатива” коомдук уюмунун башчысы Олег Мельниковго шилтеме берип жазып чыгышты.

Анын айтуусунда, аял өз баласын сый акы үчүн багып алуу тууралуу соцтармактарына жарыя берген.

“Ал аялга адам сатуу боюнча күнөө коюлган. Анын дагы эки баласы бар, бирок ал күйөөгө тийген эмес. Биз аны ушул кадамга баруудан сактап калууга аракет жасаганбыз”, - дейт Мельников.

Мельников кошумчалагандай, ал кыз Москвага Уфадан сатып алуучу менен жолугушуу үчүн келген. 1 млн. рублды алгандан кийин Москвадагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринен укук коргоо органдары тарабынан кармалып, эки айга камалды.

Маалыматка ылайык, ал аял 6 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Учурда ымыркай ооруканага жаткырылган. Анын саламаттыгы жакшы. Тиешелүү медициналык текшерүүлөрдөн кийин, наристе балдар үйүнө жиберилет. Энеси энелик укугунан ажыратылат.

Пикир

Оставить комментарий