• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

УКМК: Айыл чарба министринин азыркы жана мурдагы орун басарлары кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 27.10.21. /Кабар/. Айыл чарба министрлигинин жетекчилик кызматтагы адамдары кармалды, - деп билдирет Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, УКМК ата мекендик айыл чарба азыктарын ЕАЭБ өлкөлөрүнө ташуудагы коррупциянын туруктуу көрүнүштөрүн жоюу боюнча туруктуу иштерди улантууда, анын натыйжасында айыл чарба азыктарын сыртка тоскоолдуксуз экспорттоодо бир нече жыл бою материалдык пайда алуу максатында жасалма тоскоолдуктарды жараткан өз ара бири-бири менен сүйлөшүп алган кызмат адамдарынын жана жеке компаниялардын туруктуу тобу аныкталган.

Тергөөнүн жүрүшүндө көрсөтүлгөн мыйзамсыз фактыларга КР Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин азыркы жана мурдагы орун басарынын тиешеси бар экендиги боюнча төгүндөлгүс далилдер алынган.

Ушул жылдын 26-октябрында КР Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин азыркы орун басары “М.И.”, ошондой эле министрдин мурдагы орун басары “И.А.С.” кармалып, КР УКМК убактылуу кармоочу жайына киргизилишти.

УКМК айыл чарба өндүрүүчүлөрүнөн өндүрүп алуунун туруктуу коррупциялык схемасын түзүүгө катышкан бардык адамдарды аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча максаттуу ишин улантууда.

Пикир

Оставить комментарий