• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан менен Даниянын ортосундагы эки тараптуу кызматташтык талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 27.10.21. /Кабар/. 2021-жылдын 25-26-октябрында Даниянын Королу Маргрете II Ишеним грамоталарын тапшыруу аземинин алкагында резиденциясы Берлин шаарында жайгашкан Кыргыз Республикасынын Данияды элчиси Эрлан Абдылдаев Даниянын парламентинин депутаты Питер Жуэль-Йенсен, Даниянын Тышкы иштер министрлигинин Өнүктүрүү саясаты боюнча мамлекеттик катчысы Лотте Мэкон жана Евразиялык коңшулук департаментинин директору Ларс Бо Мөллер менен жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу КР Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жогорудагы жолугушуулардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Дания Королдугунун ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыкты, анын ичинде парламенттер аралык кызматташтыкты чыңдоо жана өнүктүрүү, өлкөлөр ортосундагы өз ара сооданын көлөмүн көбөйтүү жана өлкөнүн экономикасынын ар кандай чөйрөлөрүнө инвестицияларды тартуу, ошондой эле коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылышына каршы күрөшүү маселелери каралды.

Эл аралык өнүктүрүү Даниянын агенттиги (DANIDA) менен кызматташууну кайра жандандыруу, санариптештирүү, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы кызматташуу боюнча пикир алмашуу болуп өттү.

Мындан тышкары, тараптар 2021-жылдын 5-ноябрында Бишкек шаарында өтө турган “Европа Бирлиги – Борбордук Азия” биринчи экономикалык форумун талкуулашты. Кыргыз тарап Дания Королдугунан делегациянын жогорудагы форумга катышуусун күтөрүн элчи Абдылдаев белгиледи.

Тараптар кыргыз-дания мамилелерин өнүктүрүү үчүн байланыштарды бардык тараптан активдештирүү зарылдыгы боюнча бир пикирге келишти.

Пикир

Оставить комментарий