• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 30 жыл толду

Саясат 0

Бишкек. 08.10.21. /Кабар/. 2021-жылдын 8-октябрында К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата илимий-практикалык конференция болуп өттү.

КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, иш-чарага КРнын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев катышып, сөз сүйлөдү.

Өз сөзүндө министр Казакбаев 2022-жылы тараптар дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын гана эмес, 2002-жылдын 24-июнунда Пекин шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы ынак коңшулук, достук жана кызматташтык жөнүндө келишимдин 20 жылдыгын да белгилейт.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин башчысы өзгөчө белгилегендей, бүгүнкү күндө кыргыз-кытай мамилелери эки тараптуу кызматташуунун бүткүл тарыхында болуп көрбөгөндөй жогорку деңгээлде жана динамикалдуу өнүгүүдө, Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы байланыштарды мындан ары өнүктүрүүгө тоскоол болгон эч кандай принципиалуу жана талаш маселелер жок.

Кыргызстандын Кытай менен болгон мамилеси убакыт сынагынан өткөн эки тараптуу мамиленин үлгүсү деп ишенимдүү түрдө айтууга болот, ал достуктун, ынак коңшулуктун жана өнөктөштүктүн негизинде гана бекемделет. Өзүнүн ички туруктуулугун жана экономикалык өнүгүүсүн камсыздай алган дүйнөлүк экинчи ири держава жана коңшу өлкө катары Кытай Кыргызстандын тышкы саясатындагы артыкчылыктуу багыттарда өзгөчө орунду ээлөөнү улантарын Казакбаев белгиледи.

КР ТИМ башчысы Кыргызстан менен Кытайдын салтка айланган достук жана ынак коңшулук мамилелери ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары чыңдоого гана салым кошпостон, аймактык жана дүйнөлүк масштабда тынчтыкты жана стабилдүүлүктү бекемдөөгө салым кошотургандыгын баса белгиледи.

Ошондой эле Кыргызстандын 30 жылдык тышкы экономикалык байланышында Кытай негизги соода-экономикалык өнөктөшүнүн бирине айланганын Казакбаев айтып өттү. Эки тараптуу мамилелер жогорку деңгээлде болгондугуна байланыштуу энергетика жана транспорт тармагында биргелешкен долбоорлор ийгиликтүү ишке ашырылууда, гранттык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн ар кандай этаптарда иштер жүрүгүзүлүүдө, учурда «Бир алкак - бир жол» демилгесинин алкагында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Сөзүнүн аягында COVID-19 пандемиясы учурунда колдоо көрсөткөндүгү үчүн кытай тарапка ыраазычылык билдирди жана өтүп кеткен Кытай Эл Республикасынын түзүлгөн күнү менен куттуктады.

Иш-чара Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилиги тарабынан К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын Эл аралык саясатты талдоо борбору менен биргеликте уюштурулду.

Конференцияга Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Ж. Кулубаев, Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь, Кыргызстанданы Кытайдагы мурдагы элчиси М. Иманалиев, БМУнун ректору А. Мусаев, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эксперттик жана академиялык коомчулугунун мүчөлөрү катышты.

Пикир

Оставить комментарий