• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жээнбек Кулубаев БУУнун башкы катчысынын атайын өкүлү Роза Отунбаева менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 28.11.23. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев БУУнун башкы катчысынын атайын өкүлү, БУУнун Афганистанга көмөк көрсөтүү боюнча миссиясынын башчысы Роза Отунбаева менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин маалымат кызматы билдирет.

Министр Кулубаев БУУнун Афганистандагы миссиясынын ишмердүүлүгүнө, тактап айтканда, Роза Отунбаеванын өлкөгө социалдык, гуманитардык жана башка зарыл колдоо көрсөтүү аракеттерин колдоорун билдирип, афган маселеси эл аралык күн тартиби боюнча Кыргызстандын позициясы тууралуу маалымат берди.

Коопсуз жана тынч Афганистанга, ошондой эле анын регионалдык мамилелер системасына интеграцияланышына Кыргызстандын кызыкдар экенин өзгөчө белгиледи.

Мындан тышкары, Жээнбек Кулубаев 2023-жылы табигый кырсыктардан улам олуттуу гуманитардык кризисти башынан кечирип жаткан Афганистанга, Кыргызстан, гуманитардык жардамдын төрт ирет жөнөтүлгөнүн билдирди.

Өз кезегинде Роза Отунбаева кыргыз тараптын афган элине көрсөткөн гуманитардык жардамына баа берип, азыркы мезгилде Афганистанда өнүгүп жаткан социалдык-экономикалык жана гуманитардык кырдаал тууралуу маалымат берди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Афганистандагы учурдагы кырдаалды жана анын регионалдык коопсуздук жана интеграция системасына тийгизген таасирин талкуулашты.

Отунбаева БУУнун Афганистандагы миссиясы Афганистанда өзүнүн мандатын ийгиликтүү ишке ашырууга ар тараптуу жардам көрсөтүү боюнча көрүлүп жаткан аракеттери тууралуу маалымат берди.

Жолугушуунун соңунда, тараптар Кыргызстандын БУУнун Афганистанга көмөк көрсөтүү боюнча миссиясы менен түзүлгөн позитивдүү диалогун улантууга жана бул өлкөдө болуп жаткан процесстер тууралуу өз ара маалымат алмашууга даяр экендиктерин белгилешти.

БУУнун башкы катчысынын Афганистан боюнча атайын өкүлү Роза Отунбаева Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын 13-жыйынында Афганистан боюнча сессияда баяндама жасоо үчүн Кыргызстанга иш сапары менен келди.

Пикир

Оставить комментарий