• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сапатсыз тротуарлар. Бишкекасфальтсервистин жетекчилери иштен алынды

Коом 0

Бишкек, 28.11.23. /Кабар/. Бишкекасфальтсервистин жетекчилери иштен алынып, подряддык уюмдарга айып пул салынды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мэрия тарабынан 2023-жылдын август айында "Бишкекасфальтсервис" ишканасына подряддык уюмдар менен биргеликте шаардын көчөлөрүнүн борбордук бөлүгүндө жайгашкан тротуарларды капиталдык оңдоодон өткөрүү тапшырылган.

Тротуарларды капиталдык оңдоо 21 көчөнү камтуу менен каралган.

Бул ишти 12 подряддык уюм жүргүзөт. Тротуарларды капиталдык оңдоо боюнча "Бишкекасфальтсервис" ишканасы менен подряддык уюмдардын ортосунда келишим түзүүдө мөөнөт үстүбүздөгү жылдын 30-сентябрына чейин белгиленген.

Бирок, ар кандай себептерден улам бүгүнкү күнгө чейин бул подряддык уюмдар өз милдеттенмелерин аткарган эмес.

"Бишкекасфальтсервис" ишканасынын жетекчилиги тарабынан келишимдик милдеттенмелерин өз убагында аткарбаган подрядчыларга айыптык туумдар кабыл алынат.

Тактап айтканда, Лев Толстой көчөсүн Ж.Абдрахманов көчөсүнөн Ч. Айтматов проспектисине чейинки тротуарды белгиленген мөөнөттө капиталдык оңдоодон өткөрбөй койгон компанияга айыппул салынды.

Бүгүнкү күндө башка подряддык уюмдар боюнча да айыптык санкциялар үчүн материалдар даярдалууда. 15ке жакын кемчилик актылар түзүлгөн жана кыска мөөнөттө жоюу үчүн подряддык уюмдарга берилген.

Мындан тышкары, "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын тротуарларды капиталдык оңдоого конкурс өткөрүү бөлүгүндө талдоо жүргүзүүдө айрым мыйзам бузуулар жана кемчиликтер аныкталган.

Тактап айтканда, Токтогул көчөсүнүн Манас проспектисинен баштап Жаш Гвардия бульварына чейинки тротуарын капиталдык оңдоодон өткөрүү келишим атайын техникалары жок уюм менен түзүлгөн (асфальт төшөөчү, жүк көтөрүмдүүлүгү 10 тонна самосвалдар).

Логвиненко көчөсүнүн Чүй проспектисинен Л.Толстой көчөсүнө чейинки тротуарын капиталдык оңдоо боюнча келишим автомобиль жолдорун жана тротуарларды куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо боюнча иштерди аткарууда жетиштүү тажрыйбасы жок компания менен түзүлгөн.

Өз кезегинде, муниципалитеттин "кара тизмесине" киргизүү үчүн материалдар даярдалууда, бул тизмеге 8 компания кириши мүмкүн.

Тротуарларды курууда тажрыйбасы жок, атайын техникалары жок тендерге катышкан фирмаларга карата КР мыйзамдарына ылайык каражаттарды регресстик тартипте калыбына келтирүү боюнча чаралар көрүлөт.

Бишкек шаарынын мэриясы тротуарларды капиталдык оңдоодон өткөрүү мөөнөтүн сактабагандыгы, подряддык уюмдарды өз убагында жана талаптагыдай көзөмөлдөбөгөндүгү, жолдор жана тротуарлар боюнча материалдарды дайыма сапатсыз даярдагандыгы үчүн "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын жетекчилери ээлеген кызматынан бошотулду.

Буга байланыштуу "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасына убактылуу тышкы башкаруучу дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий