• 88.68
  • 95
  • 0.95

КР КК катчылыгы менен Индиянын улуттук коопсуздук боюнча Кеңешчисинин аппаратынын ортосунда консультациялардын 2-раунду өттү

Саясат 0

Бишкек, 17.07.23./Кабар/. Бүгүн, 17-июлда, Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы менен Индия Республикасынын улуттук коопсуздук боюнча Кеңешчисинин аппаратынын ортосунда консультациялардын экинчи раунду болуп өттү.Жолугушууда регионалдык коопсуздукту камсыздоо, терроризмге, экстремизмге, наркотрафикке жана трансулуттук уюшкан кылмыштуулуктун башка түрлөрүнө каршы туруу маселелери талкууланды. Эки тараптуу аскердик-техникалык кызматташуунун, ошондой эле медицина тармагындагы айрым биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү каралды.

Тараптар өз ара кызыкчылыкты жараткан мамлекеттер аралык өз ара аракеттенүүнүн бир катар актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашышты. Консультацияларга каралып жаткан маселелерге тиешеси бар министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү да катышты.

Маалымат үчүн: Кыргыз Республикасынын делегациясын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов, Индия делегациясын - Индиянын Премьер-министринин коопсуздук маселелери боюнча кеңешчисинин орун басары Викрам Мисри жетектеди. Консультациялардын биринчи раунду 2021-жылдын октябрь айында Нью-Делиде өткөн.

Пикир

Оставить комментарий