• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Кыргызстан менен Шри-Ланканын ТИМдеринин ортосунда биринчи саясий кеңешме өттү

Саясат 0

Бишкек, 16.04.24. /Кабар/. Бишкек шаарында Кыргызстан менен Шри-Ланканын Тышкы иштер министрликтеринин ортосунда министрлердин орун басарларынын деңгээлинде биринчи саясий кеңешме болуп өттү.

КР ТИМден билдиришкендей, кыргыз тараптын делегациясын тышкы иштер министринин орун басары Авазбек Атаханов, ал эми Шри-Ланка тарапты тышкы иштер министринин орун басары Аруни Вижевардане жетектеди.

Кеңешмелердин жүрүшүндө тараптар саясий, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү эки тараптуу мамилелердин учурдагы абалын, бийик жана жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштурууну талкуулашты, ошондой эле мындан аркы эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныкташты.

Авазбек Атаханов саясий чөйрөдөгү кызматташуу маселелерине токтолуп, Кыргызстан менен Шри-Ланканын ортосундагы алгачкы байланыштар Кыргызстандын тарыхында советтик мезгилде башталганын белгиледи. 1985-жылдан 1990-жылга чейин СССРдин Шри-Ланкадагы элчиси болуп көрүнүктүү кыргыз дипломаты Кеңеш Кулматов болгон.

Мындан тышкары, тараптар кызматташтыктын соода-экономикалык чөйрөсүн активдештирүүнүн жана укуктук-келишим базаны кеңейтүүнүн маанилүүлүгү баса белгиледи. Министрдин орун басары Авазбек Атаханов эки өлкөнүн чоң экономикалык дараметин белгилеп, буга байланыштуу айыл чарба, текстиль өнөр жайы жана туризм сыяктуу тармактарда соода-экономикалык жана инвестициялык өз ара аракеттенүүнүн деңгээлин активдештирүүнү сунуштады.

Кеңешмелердин жүрүшүндө ошондой эле актуалдуу эл аралык маселелер боюнча да пикир алмашуу болуп, БУУ, ШКУ жана башка эл аралык уюмдардын аянтчаларында аймактык маселелер боюнча өз ара аракеттенүүнү улантуунун маанилүүлүгү белгиленди.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Кыргызстан менен Шри-Ланканын Тышкы иштер министрликтеринин ортосунда эки тараптуу кеңешмелер жөнүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Пикир

Оставить комментарий