• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча билдирүү жасады

Саясат 0

Бишкек, 26.10.23./Кабар/. Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров ШКУга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн билдирүү жасады.

Төмөндө билдирүүнүн толук текстин келтиребиз:

«Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү,

Айымдар жана мырзалар,

Бүгүн Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын (премьер-министрлер) кеңешинин 22-жыйыны болуп өттү, ага мүчө-мамлекеттер жана байкоочу мамлекеттер, ошондой эле эл аралык уюмдардын жана ШКУнун туруктуу иштеген органдарынын жетекчилери катышты.

Жыйын жүрүшүндө ШКУга мүчө мамлекеттердин жаңы шарттарда соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуусун тереңдетүүнүн келечеги жана чаралары боюнча пикир алмаштык.

ШКУга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин отурумунун жыйынтыгы боюнча 14 документке кол коюлуп, кабыл алынган.

Эң маанилүү жыйынтыктоочу документ катары ШКУга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин Биргелешкен коммюникеси болду, анда Күн тартибинин актуалдуу маселелери боюнча тараптардын, ошондой эле ШКУнун алкагында көп кырдуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү боюнча макулдашылган позициялары чагылдырылган.

Ошондой эле биз ШКУга мүчө мамлекеттердин көп тараптуу соода-экономикалык кызматташтыгы программасын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлгөн иш-чаралар жана кеңешмелер боюнча ШКУ Катчылыгынын Отчетун бекиттик жана Банктар аралык бирикмесинин жана ШКУ Ишкер кеңешинин ишмердүүлүгү жөнүндө баяндамаларды уктук.

ШКУга мүчө мамлекеттердин темир жол администрациялары менен эл аралык темир жол транспортунун, ошондой эле электрондук коммерция жана соода тармагындагы өз ара аракеттенүүнү мындан ары чыңдоо максатында тиешелүү документтер бекитилди.Ошондой эле ШКУнун туруктуу органдарынын ишмердүүлүгү жана каржы маселелери боюнча да бир катар чечимдер кабыл алынды.

Белгилей кетсек, биз дүйнөлүк жана аймактык өнүгүүнүн бардык маселелери боюнча конструктивдүү диалогду жүргүзүп, анын ичинде соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн актуалдуу аспектилерин талкуулай алдык.

ШКУга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешинин жыйынына катышуучулар маданият, билим берүү, илим жана техника, айлана-чөйрөнү коргоо, саламаттыкты сактоо, спорт, туризм жана жаштар саясаты жаатында кызматташууну мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти, бул ШКУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы достук жана жакшы коңшулук мамилелерди сактоо жана чыңдоо үчүн негиз болуп саналат.

Бишкек шаарында өтүп жаткан ШКУ Өкмөт башчылар кеңешинин бүгүнкү жыйыны биздин Уюмдун алдында турган артыкчылыктуу милдеттерди иш жүзүнө ашыруунун жана ШКУнун мындан аркы ырааттуу өнүгүшүн камсыз кылуунун маанилүү этабы болуп калды деп ишенем.

Жыйынтыгында Кыргызстандын ШКУга катышуусу мамлекеттин тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири экендигин белгилегим келет.

Кыргыз Республикасы Уюмдун негизги уюштуруучу мамлекеттеринин бири катары ШКУ Хартиясынын жана Уюмга мүчө мамлекеттердин узак мөөнөттүү жакшы коңшулук, достук жана кызматташтык жөнүндө келишиминин принциптерин жана жоболорун так сактайт, ошондой эле ШКУнун алкагында өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө салымын кошууга даяр.

Көңүл бурганыңыздар үчүн ыраазычылык билдирем».

Пикир

Оставить комментарий