• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

АКШ: 2018-жылы Кыргызстанда адам укугу жаатында жакшы өзгөрүштөр болгон

Саясат 0

Бишкек, 27.03.19. /Кабар/. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинде АКШнын КРдагы элчиси Дональд Луну менен жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө АКШнын Мамлекеттик департаментинин дүйнөдөгү адам укуктары боюнча жакында жасаган доклады талкууланган. Анда Америка тарап 2018-жыл боюнча жасаган докладында мурунку жылдарга караганда Кыргызстанда жакшы өзгөрүштөр болгону белгиленгени айтылган.

Аны менен бирге, кыргыз тарап докладда айтылган көп жагдайлар бейөкмөт уюмдардын, ар түрдүү коомдук уюмдардын маалыматтары экенин белгилеген.

"Мурда жогорку кызматты ээлеген айрым чиновниктердин кармалышын саясий деп атоо болбостугу айтылган. Себеби, аларга карата коррупция боюнча так айыптоолор тагылып, соттук процесс аяктай элек. Бул жагдай коомчулук тарабынан соттук процесске таасир этүү аракети, башкача айтканда ички иштерге кийлигишүү катары кабыл алынган", - деп айтылат маалыматта.

Ал эми Америкалык дипломат, АКШнын Мамлекеттик департаменти өзүнүн докладын даярдоодо ар түрдүү бейөкмөт уюмдардын маалыматтарына таянарын жана алар дайыма эле өлкөдөгү кырдаалды туура чагылдыра албай турганын белгилеген.

Кыргыз тарап жарыяланып жаткан маалыматтарды, Кыргыз Республикасынын министрлик жана мекемелери расмий берип жаткан маалыматтарды эске алып текшерүүнү көптөн-көп суранарын айткан.

Пикир

Оставить комментарий