• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Панкратов: Россия менен кызматташуу эки элдин ортосундагы тарыхый байланыштарды бекемдейт

Саясат 0

Бишкек, 21-июль /Кабар/. Россиянын аймактары менен кызматташууну өнүктүрүү кыргыз-орус элдеринин ортосундагы тарыхый байланыштарды бекемдейт. Бул тууралуу вице-премьер-министр Олег Панкратов Россия Федерациясынын Челябинск облусунун губернатору Борис Дубровский менен болгон жолугушууда билдирди.

«Кыргызстан Россия Федерациясы менен соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүгө чоң маани берет. Челябинск облусу Россиянын өнөр жайлуу борборлорунун бири экенин эске алуу менен машина куруу жана металлургия өндүрүшү, ошондой эле агро өнөржай комплекси динамикалуу өнүгүүдө. Кыргызстан Россиянын Челябинск обласунун ишкерлери ортосунда узак мөөнөттүү байланыштарды бекемдөөгө жана кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыктар», – деп баса белгиледи ал.

Россия Федерациясывнын Челябинск облусунун губернатору Борис Дубровский белгилегендей, 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан менен Челябинск облусунун ортосундагы товар жүгүртүү 99 млн АКШдолларын түзгөн, 2015-жылга салыштырмалуу 10% көбөйгөн.

«Бул жылы өз ара товар алмашуунун өскөндүгү байкалууда. Мындай оң натыйжалар мындан ары да ар түрдүү тармактарда жемиштүү кызматташууга жол ачат. Бизге айыл чарба, соода, логистика жана машина куруу тармактарында долбоорлорду ишке ашыруу кызыктуу. Биз европа стандартындагы даяр күнөскана комплекстерин, анча чоң эмес дыйкан чарбалары үчүн тракторлорду тийиштүү жабдуудары менен жеткирүүгө, Кыргызстандын аймагында өндүргөн өндүрүштү ишке ашыруну сунуштайбыз. Мындан тышкары облус бош айдоо аянттарына ээ. Ошондуктан кыргыз айыл чарба өндүрүүчүлөрү менен фермерлерин аларды биргеликте өздөштүрүүгө чакырам», – деди Челябинск обласунун башчысы Борис Дубровский.

Пикир

Оставить комментарий